МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
Мектепке жашы жеткен балдарды, даярдоо классынын мугалими айылдык ФАПтан учетун алып, үймө-үй кыдырып мектепке даярдоо боюнча ата-энеси менен пикир алышып,окуучу менен таанышат.Мектепке кабыл алуу күнү белгиленип ата-энеси менен бирге мектепке чакырылат.Администрация менен мугалим төмөнкү тартипте кабыл алат.
Төмөнкү документтер даярдалат:
а)Директордун наамына ата-эненин арызы;
б)Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
в)Медициналык карточка Ф-50;
г)3х4 өлчөмүндө 2 сүрөт;
д)Ата-энесинин паспортторунун ,нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
е)Өздүк дело;
ж)Файл папка;
Ата-эне чогулушу өткөрүлүп,мектептин УСТАВЫ,иштөө регламенти жана ички эрежелери тааныштырылат.