АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИ

Мектепте "Ынтымак" камкорчулар кеңеши түзүлгөн. Жыл башында жалпы ата-энелер,коомчулук, мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты менен бирдикте чогулуш өткөрүлүп, камкорчулар кеңеши өздөрунун жыл бою аткарган иштерине отчет берип турушат. Атаэнелердин өз ыктыяры менен түзүлгөн "Ынтымак" камкорчулар кеңешинин фонду айына 1окуучуга 30 сом өлчөмүндө акча чогултулат б.а. бир жылга 300 сом ал чогулган акча, мектептеги окуучулардын сапаттуу билим алышына шарт түзүп берүү учун, окуу класстарын заманбап жасалгалоого, окуучулар арасында район аралык жана мектеп ичинде өткөрүлгөн маданий иш-чараларга, ошондой эле мектептин керектөөсүнө жараша жумшалат. Окуучулар арасында жакыр уй-бүлөдөгү, турмуш-шарты оор, аз-камсыз уй-бүлөдөгү, томолой жетим,көп балауу уй-бүлөдөгү окуучулар фондго акча төлөөдөн чогулуштун чечими менен бошотулат.Ата-эне комитеттери, жалпы ата-энелер мектептин жайкы ремонт иштерине активдүү катышып, демөөрчүлүк көрсөтүшөт.

-Мектеп ата-энелер, коомчулук, айылдын атктуу инсандары,айыл тургундары менен тыгыз байланышта иштейт. Алар дайыма мектептин материалдык базасын өстүрүүгө, окуучулардын жакшы окуп, сапаттуу билим алышына көмөк көрсөтүп келишет. Мисалга алсак өткөн окуу жылдарында мектептин спорттук аянтчасы коомчулуктун колдоосу жана айыл тургуну Шабданбаев Максаттын жеке демөөрчулугу менен 100 миң сомго жаңыртылып, жасалды.

- Коомчулуктун колдоосу жана атактуу инсандардын демөөрчүлүгү менен "Манас таануу " кабинети,директордун кабинети ачылды жана жасалгаланды.

- Ж.Бейшекеевдин 100 жылдык мааракеси жана мектепке аты коюлганына 20 жылдык юбилейи белгиленди. Аыйыл өкмөттүн жана туугандарынын, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн демөөрчүлүгү менен "Ж.Бейшекеев атындагы кабинет " ачылды. 1-класс комплект парта-стол, окуу китептер, 1компьютер принтери менен жабдылды.

- 2015-2016-окуу жылында айылыбыздын ардактуу кызы ,эжебиз "Көгүлтүр Ысык-Көл санаториясынын " директору Батырбекова Лира Касымалиевнанын демөөрчүлүгү менен 1-2-корпустун терезе пардолору 50000 сомго жаңыртылып илинди.

- "Төлөйкөн ата"коомдук уюмунун демөөрчүлүгү менен мектеп администрациясына 23000сомго Ноутбук алып беришти.

-Айылыбыздын кызы ,эжебиз Эркинбаева Салтанат Талачиевна- интернет түйүнүнө байланышуу учун 5000 сомго демөөчүлүк көрсөтүп роутер сатып алдык.

Мындан сырткары жеке демөөрчүлөр ондоп саналат. Муну менен эмнени айткым келет: айылыбыздын элинин ынтымактуулугу, мектеп, ата-эне,коомчулуктун тыгыз байланышта иштөөсү, келечек муундардын сапаттуу билим алышына көп көңүл бөлүнүшү.

-Жыл сайын мектеп директору -Н.Ж.Апсатарова жыл аягында ата-энелер чогулушунда мектептин бир жылдык аткарылган иштери, материалдык базанын чыңдалышы жана мектепке көрсөтүлгөн демөөрчүлүк, айыл өкмөт тарабынан берилген жардам боюнча финансылык отчетун берип турат.

- Жалпы мектептин демөөрчүлөрүнө мектеп администрациянын,жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!!!